Бишкекте №118 автобус жүрө баштады

Бишкек шаарында бүгүн, 2-августтан тарта №118 муниципалдык автобус каттамы иштеп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Акыркы аялдамалары Бакай-Ата конушунда жана Жал айылында жайгашкан. Күн сайын каттамга 25 бирдик автобус чыгат. Аралыгы 10 мүнөттү түзөт.