Бишкекте №166 автобус каттап баштады

Бүгүн, 17-майдан тартып №166 автобус каттай баштады. Буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Маршруттун акыркы аялдамалары Ауэзов көчөсүндө жана «Алтын Ордо» конушунда жайгашкан. Бул линияда 20 автобус иштейт, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.
Бул иш-чара борбор калаанын коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн алкагында ишке ашырылууда. Учурда Кытайдан сатылып алынган автобустардын экинчи партиясы борборго келүүдө. Бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.