Бишкекте №2 автобустун каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү (схема)

Бишкекте бүгүн, 22 -февралдан тарта “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлеген №2 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай чечим “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын жана Көк-Жар конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды. №2 автобус Үмүт конушунан Мыскал, Юбилейный, Ленинский, Фучик, Чүй проспектиси, Бейшеналиев, Московский, Ж.Гвардия, Л.Толстой (инфекционная больница), Логвиненко, Панфилов, Горький, 7-Апрель, Ахунбаев, Арстанбап, Куланак көчөлөрүн камтып Көк-Жар конушуна чейин каттайт.

Узундугу 36 чакырым, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөт. Бул линияга 20 автобус чыгат. Бул шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынган.