Бишкекте №227 муниципалдык автобусу каттамга чыкты

Бүгүн, 15-майдан тартып №227 автобус каттай баштады. Буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобус жүрө баштайт.
Маршруттун акыркы аялдамалары “Ак-Ордо” жана Көк-Жар конуштары болот. Бул линияда 20 автобус, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.
Бул иш-чара борбор калаанын коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн алкагында ишке ашырылууда. Учурда Кытайдан сатылып алынган автобустардын экинчи партиясы борборго келүүдө. Бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.