Бишкекте №34 жана №146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү

Бишкекте №34 жана №146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү. Мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

№34 автобус «Шоро» компаниясынан жаңы автобекетке чейин узартылды. Ал эми №146 автобус Мыкан айылына жүргүзүлдү. Бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Мыкан айылынын тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.