Бишкекте №50 жаңы автобус каттамы жүрө баштады. Схема

Борбор калаада №50 жаңы автобус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Каттамдын узундугу – 44 чакырым, аралыгы — 7 мүнөт, пландуу чыгуу — 19 автобус менен каттайт.

Маршрут Элебесов, Булгаары заводу, Абдрахманов, Чүй проспектиси, Чыгыш-5, Валиханов, Анкара, Рухий-Мурас жаңы конушу боюнча каттайт.