Бишкекте №7 жана №8 троллейбустар кайрадан Ак-Өргө конушуна чейин каттайт

Эртеңден баштап Бишкектеги №7 жана №8 троллейбустук каттамдар Ашар көчөсүндөгү оңдоо иштеринин бүткөндүгүнө байланыштуу Ак-Өргө конушуна чейин каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдирищти.

Буга чейин Өмүракунов көчөсүнүн Фрунзеден Ашарга чейинки оңдоо иштерине байланыштуу, эки троллейбустун каттамынын кыймылы убактылуу өзгөртүлгөн. Эми №7 троллейбус маршруту мурда түзүлгөн график боюнча Туңгуч кичи районунан Ак-Өргө конушуна чейин, 17 троллейбус линияда 8-10 мүнөттүк аралыкта жүрөт. №8 троллейбустук каттам Чыгыш автобекетинен Ак-Өргө конушуна чейин каттайт, 13 троллейбус 9-10 мүнөт аралык менен линияга кирет.