Бишкекте №7 троллейбус кайрадан Ак-Өргөгө чейин каттап баштады

Бишкекте №7 троллейбустук каттам кайрадан мурдагы каттам менен каттайт. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, №7 троллейбустук каттам 3-июндан тарта Ак-Өргө конушуна каттай баштайт. Троллейбус мурдагыдай эле Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин каттайт.

Гагарин-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине канализациялык коллектор орнотулгандыктан ушул жылдын январь айынан бери 7-каттам Ак-Өргөгө каттабай калган.