Бишкекте №7 троллейбустун схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү

№7 троллейбустун схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарында 23-августтан тарта оңдоо иштерине байланыштуу №7 троллейбустук каттам жарым-жартылай өзгөртүлгөн кыймыл менен иштейт. №7 троллейбус Ак Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин каттайт. Бирок буга чейин каттам Киев көчөсү менен жүрсө, эми ал убактылуу Москва көчөсү менен жүрөт. Маршруттун калган бөлүгү өзгөрүүсүз бойдон калууда.