Бишкекте 1-апрелден тарта кайсы класстар офлайн окуй турганы айтылды

Бишкекте 6-7-8-10-класстын окуучулары 4-чейректи онлайн окуу менен башташат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелден тарта 1,2,3,4,5,6,9,11-класстын окуучулары мектепке барышат.

«Кийинки 2-3 жумада эпидемиологиялык абалды байкап көрөбүз. Эгер абал оңолуу жагына оосо, анда калган класстарды дагы офлайнга өткөрүү маселеси каралат», — деди ал.

Иманалиева бала бакчалар боюнча маселеге да токтолду. Анын айтымында, мектепке даярдоочу жана жогорку тайпадагы балдар гана бакчага барууну уланта алат. «Ошондой эле аябай зарыл болгон үй-бүлөлөр үчүн нөөмөт топтору ачылат», — деди Иманалиева.