Бишкекте 1 жаштагы балага кайнак суу төгүлүп кеткен. Милиция ооруканага жеткирди (видео)

Кайгуул кызматкерлери кайнак сууга күйүп калган баланы ооруканага жеткирип, алгачкы жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, Салиев жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинен 1997-жылы туулган жаран жардам сурап кайрылган. Анда 2021-жылы туулган баласы үйүндө ойноп жатып, кокусунан кайнак суу төгүлүп, денесин күйгүзүп алгандыгын айтып, тезирээк ооруканага жеткирип коюну өтүнгөн.

Кайгуул кызматкерлери милициянын старшинасы Чокеев жана милициянын сержанты Азаматов ошол замат чечим кабыл алып, аларды кызматтык унаага отургузуп, ыкчам түрдө №4 шаардык ооруканага жеткиришкен.