Бишкекте 1 жаштагы наристе менингиттен каза болгон

Бишкектин Шаардык балдар ооруканасында менингит оорусунан бир жаштагы наристе каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуянын чоо-жайын айтып берди.

Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун берген маалыматына караганда, 23-февраль күнү саат 17:30да 1 жаш 1 айлык бейтап оор абалда ооруканага түшкөн. «Бейтап оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Баланын абалынын оордугун эске алып, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын инфекционисттери шашылыш консультацияга чакырылып, алар «Менингококк инфекциясы, генерализацияланган түрү» диагнозун тастыкташкан», — деп айтылат маалыматта. 

Комплекстүү реанимациялык иш-чараларга карабастан, бала 23-февраль күнү саат 23:50дө ооруканага түшкөндөн кийин 6 сааттан кийин каза болгон.