Бишкекте 10, 8 жана 5 жаштагы балдарды бакма энеге өткөрүп беришти

Биринчи май районунда балдар үй-бүлө тапты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Фостердик үй бүлө» программасынын алкагында Биринчи Май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте үч жашы жете элек баланы бакма энеге өткөрүп беришти. Балдардын таламдарын, ошондой эле ар бир бала үй-бүлө чөйрөсүнө муктаж экендигин эске алуу менен балдардын иштери боюнча комиссиянын чечими менен оор турмуштагы жашы жете элек балдарды 2013-жылы туулган эркек бала, 2015-жылы жана 2018-жылы туулган эки кыз убактылуу кармоочу борбордон фостердик үй-бүлөгө бекитилди. Алардын ичинен эң кичүүсү учурда реабилитациядан өтүп жатат жана жакында баккан апасына тапшырылат.

Асырап алуучу камкордукка алуунун альтернативдик формалары боюнча атайын сертификатка ээ болду.