Бишкекте 100дөй объектте суу берүү токтотулду

Ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу Бишкекте ичүүчү сууну колдонгон 100гө жакын объект өчүрүлдү. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасынан билдиришти.
Ленин районунда 35 объект суу берүү токтотулду, буга чейин 48 объект ишин токтоткон. Октябрь районунда 11 объектиде суу өчүрүлдү. Буга чейин ичүүчү суу өчүрү туралуу эскертүүлөр абоненттерге таратылган.