Бишкекте 11 жаштагы Алинур Мураталиев мектептен чыккан бойдон дайынсыз болууда

Бишкекте 11 жаштагы Алинур Мураталиев изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга 16-сентябрда борбор калаанын тургуну кайрылып, ошол эле күнү саат 13:00 чамасында Келечек конушунда жайгашкан №87 орто мектептен чыгып, үйүнө барбаган 2010-жылы туулган жээнин табууга жардам сураган. Факты РИИБге каттоого алынган. 

Белгилери: бою болжол менен 130-140 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң, чачы кыска кара. Кийген кийими: көк шапка, ак көйнөк, кара жилет, шым жана кара бут кийим.

Милиция Алинур Мураталиевдин кайда экендиги тууралуу маалыматы барлардын бардыгын төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0702498888, 0557119410, 0709332463 жана 102.