Бишкекте 11 жаштагы Максат дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 2012-жылы туулган Максат Ахматов дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

22-январда милицияга анын апасы кайрылып, уулу ошол күнү саат 17:00 чамасында үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз экенин айткан. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Кимде-ким сүрөттөгү баланы көргөн болсо, 0 (704) 103-102, 0 (702) 49-88-88, 0 (709) 33-24-63, 0 (312) 43-32-75 номурларына чалсаңар болот.