Бишкекте 12 жаштагы Валерия Цой изделип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, кыз 3-июлда түштөн кийин Москва менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча, кайрылып барган эмес.
Кийген кийими: кызыл түстөгү шым, көк түстөгү футболка, кара өңдөгү бут кийим кийип кеткен.
Белгилери: бою 145 сантиметр, арык чырай, чачы узун күрөң түстө.
Кызды көргөндөр болсо, 0555 230 490 номуру менен байланышсаңыздар болот.