Бишкекте 12 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатат

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан Мадина Нарматова изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июлда Ленин РИИБге кыздын апасы кайрылып, 2012-жылы туулган кызы 29-июлда Ак-Өргөдөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген.

Кимде-ким сүрөттөгү кызды көргөн болсо, 0(312) 35-26-05, 0703401600,070086090, 0553102465 номурларына чалсаңар болот.