Бишкекте 12 жаштагы өзгөчө бала изделүүдө

Ленин районунда 2013-жылы туулган Со Сынгхен изделүүдө. Маалыматка ылайык, 3-декабрда Со Сынгхен аттуу бала дайынсыз жоголгон.

Бала ошол эле күнү эртең мененки саат 9:30 чамасында мугалимдери менен Филармонияга экскурсияга келген. Автобустан түшкөндөн кийин дайынсыз болуп кеткен.

Белгилери:
— бою болжол менен 159 см
— орточо дене түзүлүштө

Кийими:
— кышкы кара куртка
— жашыл шым
— кара бут кийим
— мойнунда “өзгөчө бала” деген жазуусу менен бейджик бар
— колунда телефон номери жазылган кара билериги болгон жана жанында кара сумкасы бар.

Милиция бул баланы көргөн же жайгашкан жерин билген адамдардан төмөнкү номерлерге кабар берүүнү суранат:
0 (312) 35-29-47
0 (312) 35-26-05
0 (705) 307-703