Бишкекте 120га жакын күрөөканалардын ишмердүүлүгү текшерилди. Жетекчилерине эмне милдет коюлду?

Бишкек шаарында 120га жакын күрөөканалардын ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы жок иштеген 2 ломбард, салык мыйзамдарын одоно бузган 2 ломбард, иш-аракетинде насыя алуучуларга карата алдамчылык аракеттердин белгилери байкалган 3 ломбард аныкталган.

Ошондой эле, 200 пайыздан ашкан пайыздык үстөк менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү фактылары жана күрөөгө коюлган талаптарды бузуу аныкталды. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечимдер кабыл алынат», — дешти.

Буга байланыштуу 120 ломбарддын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43 пайызга чейин төмөндөтүүгө милдеттендирилди.