Бишкекте 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Митингге чыккандар ИИМ башчысынын отставкага кетишин талап кылышты

Бүгүн, 8-июлда Бишкектеги Свердлов райондук сотунун алдында өспүрүмдөрдүн зомбулукка кабылышына каршы митинг өтүп жатат.

Чогулгандар Ички иштер министринин Улан Ниязбековдун отставкага кетишин талап кылышты. «Мен 30 жашка чыгып, көчөдө жалгыз баскандан корком. Милиция бизди коргойт деп жүрсөк, алардын кылган иши ушул. ИИМдин башчысы отставкага кетсин. Министр Айзаданын окуясынын кийин эле кызматтан кетиши керек болчу», — дешти алар.