Бишкекте 13 жаштагы кыздын кордолушу. Кызды «Адилет» клиникасынын юристтери коргойт

«Адилет» юридикалык клиникасынын юристтери милиция кызматкерлери тарабынан зордукталган 13 жаштагы кыздын ата-энеси менен келишим түзүштү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Адвокаттардын айтымында, тилекке каршы юридикалык клиника тергөө стадиясында анын кызыкчылыгын коргогон эмес. «Иштин материалдары менен таанышкандан кийин коомчулукка маалымат беребиз. Көбүнчө биз ишти башынан эле кароону туура көрөбүз, бирок жагдайды эске алуу менен кароону чечтик», — деп белгиледи алар.