Бишкекте 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз

Ленин РИИБи тарабынан Акылбек Таалайбековдун жүргөн жери аныкталып жатат. Бул тууралуу аталган милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-январда РИИБге 2008-жылы туулган баланын апасы кайрылып, уулун табууну суранган. Ал 7-январда саат 05:00дө Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык, чачы жана көзү кара.

Өзгөчө белгиси: бетинде тырыгы бар.

Кийген кийими: кара куртка, кара шапка, кара шым, велосипед менен жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрсө, 0 (550) 223-333, 0(704) 447-770, 0(703) 401-600 номурларына чалсаңыздар болот.