Бишкекте 14 жаштагы Анжелла дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 2011-жылы туулган Чуменко Анжелла Денисовна дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз 30-сентябрда саат 05:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Кыздын майыптыгы бар. Психикалык жактан жабыркайт.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, (0312) 35-29-47, 35-12-70 номурларына кабарлашсаңыздар болот.