Бишкекте 14 жаштагы Хасан Кубанов 29-сентябрдан бери дайынсыз болууда

Бишкекте Кубанов Хасан Кубанович дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда Ленин РИИБге 2008-жылы туулган Хасан Кубановдун апасы кайрылып, уулу 29-сентябрда Лущихинадагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын айткан. Учурда өспүрүмдүн жүргөн жери белгисиз болуп жатат.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580, 0(704) 447-770 номурларына чалсаңыздар болот.