Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм изделип жатат

Бишкекте 14 жаштагы Рафаэль Исаков изделип жатат. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 21-мартта болжол менен саат 20:00дө Бакаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Ал кара куртка, кара шым, толстовка жана ак-кара өңдөгү бут кийим кийип жүргөн. Мойнунда күмүш түстөгү бир нече чынжырчалары бар.

Бою 162-165 см, арык дене түзүлүштө, чачы узун кара жана көкүлү бар. Рафаэль Исаковду көргөндөр болсо, 0555230490, 0755074720 номурлары аркылуу байланышып, маалымат берсеңиздер болот.