Бишкекте 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө

Бишкекте 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө. Бул тууралуу Сереп Медиага Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

«8-апрелде кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылды. Анын айтымында, Айбийке 7-апрелде саат 10:30 чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып, ошол боюнча келген эмес. Учурда анын каякта экени белгисиз», — дешти ИИБден.

Изделип жаткан кыздын белгилери: бою 145-150 сантиметр, толук денелүү, узун сары чачтуу, көздөрү жашыл.

Кийген кийими: жазгы кара куртка, кара шым, кара туфли, жанында рюкзагы бар.

Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалууну суранышат:  0312352605, 0312444457, 0312352632, 0553102880, 0703401600, 0707304753 жана 102.