Бишкекте 15 жаштагы Баялиева Акылай изделип жатат

Бишкекте 2007-жылы туулган Баялиева Акылай изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 20-июлда Достук кичи районунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен. Ошондон бери анын жүргөн жери белгисиз болуп жатат.

Белгилери: бою 167см, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийими: кара шорта, ак майка, ак кофта, ак спорттук бут кийим.

Кызды көргөндөр болсо, 0(700)- 102-738 номурларына кайрылсаңар болот.