Бишкекте 15 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды

Бишкекте 15 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Айни көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 2008-жылы туулган кыз секирип өз өмүрүнө кол салганы аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж тартылып, жогору аталган кызды куткаруучулар түшүрүп ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Абалы жакшы.