Бишкекте 1500 орундуу мектептин жаңы имараты колдонууга берилди

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарында №62 мектепке кошумча курулган 1500 орундуу жаңы имараттын ачылышы болуп, колдонууга берилди. Имаратта окуу кабинеттери, спорт зал, бий залы, китепкана, ашкана, заманбап спорт аянтчалары бар. Мектепти оңдоо иштерине жана толук жабдылышына бюджеттен 227,7 миллион сом бөлүндү.

Акыркы 3 жылдын ичинде Бишкек шаарында 42 билим берүү мекемеси курулду. Анын 26сы мектеп, 16сы балдар бакчасы. Мындан тышкары 180 орундуу №19 бала бакчанын курулушу жүрүүдө, 280 орундуу №21 бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат жана мектептердин курулушу уланууда.