Бишкекте 16-17-октябрь күндөрү жашылча-жемиштин жарманкеси өтөт

16-17-октябрь күндөрү Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жарманке өткөрөт. Жарманкеде айыл чарба продукцияларынын баалары дүң баада сатылат.

 Даректер:

1) Октябрь райондук администрациясы, 12-кичи район, Аалым Токомбаев / Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиштери;

2) Биринчи Май райондук администрациясы, Исхак Раззаков / Киев, Токтогул Сатылганов көчөлөрүнүн кесилиштери.

«Жарманкеге “Жайыл Милк”, “Рола Чабрец” , “Ак Куу” , “ПродИмпекс”, “ЭкоТоок”, “Салих ЛТД”, “Канды Кант”, “Акун”, “Яшар Групп”, “Тазажан” , “РИХА”, “Алайку Органик”, “Кант Сүт”, “Бай Элим”, “Витал Виста” жана башка компаниялар катышат», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн байланыш номурлар: 0(222) 55-55-21; 0(509) 55-21-55, 0(995) 21-55-55, 0(771) 94-94-99.