Бишкекте 16 жаштагы Айназик Берекулова изделип жатат

Бишкекте 16 жаштагы Айназик Берекулова изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-ноябрда милицияга жаран кайрылып, небереси 2007-жылы туулган Айназик Берекулова 21-ноябрда Фрунзе көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (508) 43-43-91, 0 (502) 29-02-22 жана 102 номурларына чалсаңар болот.