Бишкекте 16 жаштагы Каролина 11 күндөн бери дайынсыз болууда

Бааль Каролина Александровна изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 27-июлда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал 16 жаштагы кызы Каролина дайынсыз болуп жаткандыгын билдирди. Аялдын айтымында, кызы 17-июлда түнкү саат он экилер чамасында Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан жумушунан чыгып, үйүнө кайтып келген эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Белгилери: Бою 160-165 см, орто дене түзүлүштүү, көздөрү көк, чачы кызылт-күрөң, узун.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү кофта, көк түстөгү жынсы бермудасы, бутунда кара бут кийим.

Өзгөчө белгилери: Курсагынын астынан операциядан кийинки 6-7 см болгон тырык бар.

Милиция Каролинанын жүргөн жерин билгендердин баарынан төмөнкү телефон номерлерине билдирип коюуну өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 ( 773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 жана 102.