Бишкекте «Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшү болуп өттү

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарында жарандык коомчулук уюштурган кезектеги жөө жүрүш болуп өттү.  17-ирет өтүп жаткан тынчтык маршында өлкөдө мыйзамдуулук орносун деген жана башка талаптар коюлду.

Чогулган 20 чакты жарандык активист темир жол бекетинен «Ала-Тоо» аянтына чейин чакырыктарын жасап басып келишти. Чогулгандардын арасынан кагазга жазылган «Коркпо! Жакшы жашоону талап кыл»  деген өңдүү жазууларды да көрүүгө болот.

«Баштан башта» кыймылынын «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрь айынан бери ар жекшемби уюштурулуп келе жатат.

Жөө жүрүштү толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.