Бишкекте 17 жаштагы Азиз Орсубаев 2 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 2005-жылы туулган Орсубаев Азиз Айбекович дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 21-майда саат 15:00 чамасында Логвиненко Москва көчөлөрүнүн кесилишинен дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери анын жүргөн жери дайынсыз.

Аба ырайына жараша кийинген, бою 175-180 сантиметр, арык, жаагында тырыгы бар. Сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (700) 10-27-38 жана «102» кызматына чалсаңыздар болот.