Бишкекте 18 жаштагы Айжамал Нурланова бир айдан бери изделип жатат

Жакындары 18 жаштагы Айжамал Нурланованы издеп жатышат. Алардын айтымында, кыз 22-октябрда саат 10:00дө Кызыл-Аскердеги үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кыска жана кара түстө. Бир кашында так бар.

Кийген кийими: боз түстөгү куртка, кара толстовка, көк түстөгү жынсы.

Көргөндөр болсо, (0508) 191 983 жана (0705) 300 707 номурларына кайрылса болот.