Бишкекте 2007-жылы туулган Альбина Кубатова изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал 13-сентябрда Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Милицияга жолдошу кайрылган. Кубатованын жанында уюлдук телефону жок экени маалымдалды.
Милиция келинди көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 35-29-47, 35-12-70, 0702 567 388 же 102 номурларына чалууну суранат.