Бишкекте 19 жаштагы Азиз Сүйналиев 3 күндөн бери изделип жатат

Бишкекте 19 жаштагы Азиз Сүйналиев изделип жатат. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 9-июнь күнү саат 8:30 чамасында 8-кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен жана ушул убакка чейин кайтып барган эмес. Ал көк жынсы, ачык күрөң түстөгү футболка, кара сетка кроссовка кийип жүргөн. Белгилери: бою 175 сантиметр, салмагы 50 килограмм, арык чырай. Акыл-эс кемчилигинен жабыркап, медициналык жардамга муктаж болушу мүмкүн.