Бишкекте 19 жаштагы кыздын куткарылышы. 2 милиция кызматкери сыйланды (видео)

15-майда Свердлов РИИБге аял киши кайрылып, анын 2004-жылы туулган кызы өз жанын кыйганы жатканын айтып, жардам сураган. Жерине барган милиция кыздын көп кабаттуу үйдүн 6-кабатында асылып турганын көргөн. Милиция кызматкерлери кызды куткарып калышкан.

Кызды куткарып калган милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБ тарабынан сыйланганын Бишкек ШИИБден билдиришти. «Бүгүн борбор калаанын милициясынын башчысы Азамат Ногойбаев Свердлов РИИБдин кызматкерлери милициянын майору Мирлан Турсунбековду жана милициянын капитаны Бектур Нурбековичти өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууда, тактап айтканда Кыргыз жаранынын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги үчүн эстелик белектери менен сыйланышты», — деп айтылат маалыматта.