Бишкекте 19 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бишкекте жалпы 19 миң 166 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү, анын ичинен 6 миң 266 адам вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу шаардын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Шамырканова шаардагы эмдөө жайларын тизмектеп кетти.
— Биринчи май районундагы №14, №16 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Ленин районундагы №2, №17 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Свердлов районундагы №4, №8, №9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Октябрь районундагы №15, №19 үй-бүлөлүк медицина борбору.
Ошондой эле Калыс-Ордо, Учкун, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Босого конуштарындагы дарыгерлер амбулаторияларында эмдөө жүргүзүүлүүдө.

Орусиядан келген “Спутник V” вакцинасынын экинчи дозасын саюу төмөнкү жерлерде жүрүүдө;
— Октябрь райондук Үй-бүлөлүк бириккен дарыгерлер борбору;
— Ленин районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Биринчи май районундагы №7 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Свердлов районундагы №8 үй-бүлөлүк медицина борбору.
Мындан сырткары, 19-марттан тарта саат 15:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаардык студенттик бейтапканасында, №8, №14, №18 үй-бүлөлүк медицина борборунда кечки эмдөө жүрүүдө.