Бишкекте 63 жыл мурун курулган автопарк жаңыланды

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун жаңы автопаркы ишке кирди. Аталган жайдын жалпы аянты 5 гектарга жетет. Автопарк 1960-жылы курулган.

Жаңыланган автопарктын аймагында автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды. Тейлөө борбордо шаар ичиндеги бардык автобустар каралат.