Бишкекте 2 жаштагы наристе тилин жутуп, дем ала албай калган. Аны куткаруучулар сактап калды

Куткаруучулар дем ала албай калган 2 жаштагы наристени сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

16-декабрь күнү 18:00 чамасында Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде нөөмөттөн кайтып келе жаткан Куткаруу кызматынын унаасы жолдон өтүү кезегин күтүп, токтоп турган маалда жакын жерде жаш келин баласы тилин жутуп, эс-учун жоготкондугун айтып, жардам сурап кайрылган.

Жерине 3 куткаруучу барып, 2020-жылы туулган баланын тилин чыгарышып, жасалма дем алдыруу жолу менен дем алышын калыбына келтиришкен. Андан соң наристени №3 шаардык балдар ооруканасына жеткиришкен.