Бишкекте 20 жаштагы жигитке бычак сайылган. Шектүү кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

29-декабрь күнү “102” кызматына Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 20 жаштагы бала бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат тастыкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1998-жылы туулган жаран аныкталып, Тергөө кызматына жетирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.