Бишкекте 20 кичи автобустук каттамдын кыймылы өзгөрдү (схема)

Бишкек шаарында 10-февралдан тарта Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө Байтик-Баатыр көчөсүнөн 20 кичи автобустук каттамдын кыймылы толугу менен альтернативдүү көчөлөргө багытталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган аймактагы кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча иш-чаралар борбор калаанын көчөлөрүндө жүрүп жаткан маршруттук схемаларды оптималдаштырууга жана тыгындарды жоюуга багытталган.

Өзгөртүү төмөнкү каттамдарга таасир этет: №295, №257, №252, №246, №243, №225, №208, №202, №201, №199, №172, № 164, № 163, № 150, № 136, № 130, № 121, № 118, № 117, № 101.