Бишкекте 20 миңден ашуун окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттады

Борбор калаанын мектептеринде коноктордун жана ата-энелердин катышуусунда салтанаттуу линейка өтүүдө. Бул күнү 20 миңден ашуун 1-класстын окуучулары биринчи жолу мектеп босогосун аттап, биринчи коңгуроо кагылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын билим берүү системасы 103 жалпы билим берүү уюмунан, 95 мектепке чейинки билим берүү уюмунан жана 6 мектептен тышкаркы уюмдардан турат. Жыл сайын окуучулардын, орто эсеп менен 8589 баланын санынын динамикалык өсүшү байкалууда, бул төрөлүүнүн жана ички миграциянын өсүшү менен байланыштуу.