Бишкекте 200 сомдон сүрөткө түшкөн арстандын баласы эсиңиздеби? Анын 6 жылдан кийинки видеосу

Мындан туура 6 жыл мурун Бишкекте резонанс жараткан окуя болгон. Шаардын борборунда жарандын арстандын баласы менен 200 сомдон сүрөткө түшүүнү сунуштап жатканы тууралуу маалымат тараган. 

Андан кийин кичинекей жырткыч аны өлкөгө мыйзамсыз алып келген адамдан алынган. Жаныбар Каракол шаарындагы реабилитациялык борборго которулган. Ага Акжолтой деген ат коюлган.

6 жылдан кийинки Акжолтойдун видеосу жарыяланды. Анын жанында “Бугу эне” фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова.