Бишкекте 21 жаштагы психикалык жактан оорулуу кыз изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Айжан Юлдашева изделүүдө. Ал 19-январда саат 23:20да Алтай көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, кайтып келген эмес. Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, телефону үйдө калган.

Айжан психикалык жактан оорулуу. Анын үстүндө көгүш куртка, күрөң жоолук, кара шым болгон. Бою 160-165 сантиметр.

«Урматтуу шаардыктар жоголгон кыздын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, 0 (702) 75-53-55 номуруна чалсаңар болот», — деп айтылат маалыматта.