Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан дайынсыз болуп жаткан Калеева Калия Замирбековна тууралуу маалымат беришти.
Милициянын маалыматы боюнча, кыздын жоголгону тууралуу акыркы арыз 2020-жылдын 14-октябрында жазылган. Арызда апасы 2000-жылы туулган кызын таап берүүнү суранып, 2020-жылдын 19-сентябрында Ала-Тоо жаңы конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. Азыркы убакка чейин кыздын кайда жүргөнү белгисиз. Аталган факты Ленин РИИБге катталган. Милиция кыздын бир нече жолу апасы менен урушуп, үйүнөн качып жүргөнүн белгилешти. Бир нече жолу кызматкерлер тарабынан аман-эсен табылып, апасына өткөрүп берилген. Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Белгилери: бою 173-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көздөрү күрөң. Аба ырайына жараша кийинип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү кызды көргөн болсо, 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600,0 (705) 450-553, 0(553) 102-880 номурларына чалсаңыздар болот.