Бишкекте 23 адам шаурмага ууланды. Бул тууралуу Санэпид кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уулангандардын бешөө балдар. Уулангандардын баары 15-январда тез татым жайынан алынган шаурманы жешкен. «Даамдуу» тез тамактануучу жайына 41 миң сом айып салынып, убактылуу жабылды.