Бишкекте 23 жаштагы кыз менингиттен каза болдубу? Министрликтин жообу

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекте 23 жаштагы кыздын менингиттен каза болгонун жазып чыгышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганыбызда, маалымат так эмес экенин айтышты.

«Мындай окуя катталган эмес»,- дешти редакцияга.